Биз менен байланышыңыз

Кулбаев: Көптөгөн соттук иштер кайра каралып жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 716 | 0

Юрист-эксперт Аслан Кулбаев “Марал” радиосуна берген маегинде көптөгөн соттук иштер кайра каралып жатканын билдирди.

Анын айтымында, соттук иштерди кайра карап чыгуу милдети Жаза аткаруу кызматына, прокурорлорго жана сотторго жүктөлгөн.

«Эгер жазасын өткөрүп жаткан киши кандайдыр бир себептер менен сотко кайрыла албай калса, анда прокурор, абактын жетекчиси сотко кайрылып, жазанын мөөнөтүн төмөндөтүшү керек. Эгер адам «Жоруктар кодекси» боюнча соттолгон болсо соттук иши кыскартылат. Себеби жорук — кылмыш эмес. Андыктан «Жоруктар кодекси» боюнча мурда соттолгондордун, соттук иши жүрүп жаткандардын жазасы кыскартылууда», — дейт Аслан Кулбаев.

Анын билдиргенине караганда, 2020-жылдан тарат сот арачылары иштей баштайт. Бул боюнча Жогорку сот чоң иштерди жүргүзүп жатат. Сот арачылары прокурорлордун, жактоочулардын өнүгүшүнө салым кошуп, сот акыйкаттуулугун камсыз кылат.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-январынан тарта «Жазык кодекси», «Жазык-процессуалдык кодекс», «Жазык-аткаруу кодекси», «Жосундар» жана «Бузуулар» тууралуу кодекстер күчүнө кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM