Биз менен байланышыңыз

Жапаровдун иши 23-апрелде Жогорку Сотто каралат

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 1710 | 0

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Садыр Жапаровдун иши жаңы жагдайлар боюнча кайра каралат. Соттук отурумдун күнү 23-апрелге саат 09.00гө белгиленди. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы “Маралга” билдирди.

Ал эми Жапаровдун жактоочусу Шарабидин Токтосунов учурда жаңы ачылган жайдайларга байланыштуу сотко арыз даярдалып жатканын, бирок сотко бериле электигин “Маралга” билдирди. Анын айтымында, мурда көрсөтмө берген күбөлөр Жапаровдун күнөөсү жоктугун айтып кайрадан көрсөтмө беришкен.

«Сот өкүмүндө төрт күбөнүн көрсөтмөсү менен Садыр Жапаровдун күнөөсү далилденет деп жатышат. Алар видеокайрылуу жасап, мурунку берген көрсөтмөлөрүбүз туура эмес, бизди кыйнап жаздырган, Жапаровдун бул ишке тиешеси жок деген көрсөтмө беришти. Экинчи инстанцияда аппеляциялык сотко төрага кылуучу шаардык соттун төрайымы Жаңыл Мамбеталыга Эмилбек Каптагаев даттануу жазып, анын негизинде Тартип комиссиясы ага эскертүү берген. Анын сотто төрагалык кылып туруп, басым жасагандыгы жаңы жагдай болуп эсептелет»— деди жактоочу.

Январь айынын башында Бишкек шаардык прокуратурасы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароодон баш тарткан.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылдын 7-октябрында Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Copyright © 2017 Maral FM