Биз менен байланышыңыз

Жазгы талаа жумуштарында көйгөй жаралбайт

Экономика | 6 Мар 2019 | 1119 | 0

Бүгүн парламентте жазгы талаа жумуштарына даярдык тууралуу маселе каралды. Жыйында аталган маселе боюнча өкмөт маалымат берди. Маалыматка ылайык, быйыл жазгы талаа жумуштары 15 күнгө эрте башталды. Жалпысынан айдоо аянты 1 млн 219 миң гектарды түзмөкчү. Өкмөт айыл чарба жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында, дыйкандарды сапаттуу үрөн, арзан жер семирткич, күйүүчү жана майлоочу май, жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылып жатканын кабарлады. 

Быйыл жазгы талаа жумуштары 10-15 күнгө эрте башталды. Азыр өлкө аймагындагы айдоо аянты 1 млн 219 миӊ гектарды түзөт деп болжолдонууда. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов парламентте жазгы талаа жумуштарына даярдык тууралуу маселе каралып жатканда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт айыл чарба жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо максатында, дыйкандарды сапаттуу үрөн, арзан жер семиркич, күйүүчү жана майлоочу май, жеӊилдетилген насыялар менен камсыз кылууда. Экспортко чыгарыла турган 11 өнүмдүн өндүрүлүшүнө өзгөчө көӊүл бурулат. Андан тышкары, былтыркы жылдын түшүмүн сатып өткөрүү жаатында аракеттер жасалып, коӊшу өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

-Дыйкандар өтүмдүү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө өткөндүктөн, буудай сындуу дан өсүмдүктөрүнүн аянты кыскарууда. Жылдан-жылга айыл чарба тармагына берилген жеӊилдетилген насыялардын үстөгү 6 пайызга чейин азайып, төлөө мөөнөтү узарууда. Көп жылдык мөмө бактарын өстүргөн багбандардын өтүнүчү менен алардын насыяны төлөө мөөнөтү мурдагы 3 жылдан 5 жылга чейин узартылган. Дизель майынын орточо баасы 45 сом. Күйүүчү майларды импорттоо боюнча Орусия менен план бекитилди. 2018-жылы 643,2 миллион сомго 338 даана айыл чарба техникалары лизингге берилсе, быйыл 350гө чейин берүү пландалууда. Жазгы талаа иштерине даярдыктар өз нугунда жүрүп жатат.

Учурда дыйкандарга жазмык (чечевица), гречка, соя сыяктуу дан азыктарын айдоо жана пахта, тамекини эгүү кыйла пайдалуураак болоору сунушталууда. Ага байланыштуу пахтанын айдоо аянты көбөйтүлөт. Себеби дүйнөлүк рынокто пахтанын баасы өсө баштаган. Ал эми картошканын аянты 3200 гектарга азаят, анткени өткөн жылы Казакстан менен Орусияда анын түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, баасы төмөндөп кеткен.

Парламентте депутаттар дыйкандар өндүргөн картошкасын сата албай калганын айтышып, буга өкмөттү күнөөлөдү.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өткөн жылы өстүрүлгөн өнүмдөрдүн өз маалында сатылбай калганыктан дыйкандардын министрликке болгон мамилеси өзгөрө баштаганын билдирди.

-Картошка сыяктуу айрым айыл чарба өнүмдөрү экспортко чыкпай, баасы түшүп, дыйкандардын аракети акталбай калды. Ошондон улам, ушундай пикир жаралууда. Азыр жазгы талаа жумуштарын үзгүлтүккө учуратпоо чаралары көрүлүп жатат. Мисалы, быйыл суу былтыркы эле көлөмдө болот. Суу чарба департаментине 238 млн сом каралды.

Өкмөт билдиргендей, үстүбүздөгү жылы минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана үрөн боюнча көйгөй жаралбайт.

Депутат Акылбек Жапаров Өкмөт дыйкандардын өндүргөн продукцияларын сатуу жана сактоо маселесин өздөрүнө калтырып келе жатканын сындады. Бул маселени Өкмөт качан өз мойнуна алат деген суроону кабыргасынан койду.

-Быйыл этти Орусияга чыгаруу маселеси чечилгени менен өлкөдө эт комбинаты жок. Жок дегенде эки эт комбинатын куруу керек.

Азыркы тапта Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы күйүүчү майдын баасынын айырмасы –10 сом болгонуна эл нааразы. Бул айырмачылыкты Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги жөндөп түшүндүрүп бере албай келишин депутат Мирлан Бакиров сындады.

-Мисалы, бизде бензиндин акциздик салыгы – 5 сом. Ага жол чыгымы, ортодон пайда табуу сындуу дагы башка чыгымдар кошулат. Ошондон улам, Казакстан менен айырма 10 сомго чыгып отурат. А, силер жөнөкөй эле нерсени жөндөп түшүндүрүп бере албай жатасыздар. Минтип иштөөгө болбойт.

Ал эми эл өкүлү Абдывахап Нурбаев былтыр өндүрүлгөн өнүмдөр азыркыга чейин сатылбай турганын баса белгилеп, айыл чарба министрин бул маселени тезинен чечүүгө чакырды.

-Аны өзүӊөр жөндөп чече албасаӊар, башка донорлорго кайрылбайсыӊарбы.

Деген менен өткөн жылы айыл чарба өсүмдүктөрү жакшы түшүм бергенин айткан айрым депутаттар эң негизигиси азык-түлүктөр арзан болгонун белгилешти. Депутат Дүйшөн Төрөкулов сатылбай жаткан айыл чарба продукцияларна министрликти гана күнөөлөбөстөн чыгым тарткан дыйкандарга жардам берүүгө чакырды.

-Кыш катуу болот деген божомолдор айтылып, азык-түлүк кымбаттаары сөз болгон. Кудайга шүгүр кыш жеңил болду. Азык-түлүк арзандады. Эл этти эле сатып алып жатты.

Соңунда парламент Өкмөттүн 2019-жылдын жазгы-талаачылык жана чарбалык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө маалыматын эске алуу боюнча тиешелүү токтомду кабыл алды. Анда эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сын-пикирлерди камтуу менен бирге бир катар тапшырмалар белгиленмей болду.

Эске салсак, Өкмөт быйыл дыйкандарды арзан насыя менен камсыз кылуу үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат бөлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM