Биз менен байланышыңыз

«КСДП Атамбаевсиз» күчкө салып, КСДПны басып алууга аракет кылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 6 Мар 2019 | 600 | 0

КСДП партиясынын Саясый кеңешинин мүчөсү Нурбек Касымбеков “Марал” радиосуна берген маегинде фракция мүчөлөрү партиядан байланышын үзүп койгонун билдирди.

Анын айтымында, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов депутаттар менен партиянын байланышын камсыз кылышы керек. Бирок фракциянын депутаттары партияны унутуп койгон. Ал эми эл добушун фракцияга эмес, партияга берген.

Касымбеков Өмүркулов да, “КСДП Атамбаевсиз” кыймылынын жетекчиси Сагынбек Абдрахманов да, КСДПнын лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаевди кызматтан кеткен соң жамандап туруп алганын белгилейт.

«Алар маселесин эмне себептен Атамбаев кызматта турганда бетине айтышпайт? «Атамбаевсиз КСДП» кыймылы мыйзамсыз кеңеш өткөргөнү жатат. Саясий кеңештин жыйындарын партиянын төрагасы же анын орун басраы алып барат. Өмуркулов өткөргөн жыйынды ким алып барды? Булар күчкө салып, КСДПны басып алууга аракет кылат. Эгерде “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы КСДПны сотко берсе, анда соттошууга даярбыз. Аталган кыймыл эмнеге ишенип жатканын түшүнбөйм», — дейт Касымбеков.

Эске салсак, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 4-мартта КСДПнын саясий кеңешинин жыйыны болгонун, анда партия 3-апрелде кезектеги съездин өткөрүү чечимин кабыл алганын айткан. Ошондой эле  “КСДП Атамбаевсиз” кыймылы да курултай өтөрү тууралуу айтылган. Бирок Өмүркулов алардын курултайынын бул кыймылга тиешеси жоктугун билдирген.

Ал эми КСДПнын курултайы 6-апрелде өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM