Биз менен байланышыңыз

Адам өлүмүнө шектелген жаран Тажикстандан экстрадицияланды

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 574 | 0

Адам өлмүнө шектелген А.М. атуу жаран Тажикстандан экстрадицияланды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечээ, 4-мартта Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен адам өлмүнө шектелген А.М. атуу жаран Душанбеден Бишкекетеги №1 СИЗОго алынып келинди.

Кылмыш иши боюнча материалдын негизинде А.М. атуу жаран 2018-жылдын 21-октябрында Жайыл районунун Сосновка айылынын тургуну М.Т. атуу жарандын унаасы менен биргеликте Талас облусуна жолго чыгышкан. Бакай-Ата районуна келгенде А.М. атуу жаран М.Т. атуу жарандын унаасына ээлик кылуу максатында аны муунтуп өлтүрүп,  денесин дарыяга ыргытып салган. Андан соң кылмышка шектүү изин жашыруу максатында Тажикстанга өтүп кетүүгө жетишкен. 2018-жылдын декабрь айында Тажикстандын Хотлон облусунда кармалган.

Эсктрадициялоо иши Башкы прокуратуранын экстрадициялоо боюнча өтүнүчүнүн негизинде ишке ашты.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM