Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда экспорттоо эки эсе өстү

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 696 | 0

Кыргызстандын аймактарынын ичинен продукцияларды экспорттоо боюнча өткөн жылы Баткен облусу алдыда болду. Баткен облусунда экспорттоо 2,2 эсеге өскөн. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, экспорттук өсүш ошондой эле Чүй облусунда-75%га , Талас облусунда-22% га жана Ош облусунда 15%га өскөн.

Ошол эле учурда белгилүү өлчөмдө экспорттун көлөмүнүн төмөндөшү Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Нарын областарында байкалган.

 

Copyright © 2017 Maral FM