Биз менен байланышыңыз

Германия 40 млн евро гранттык каражат берет

Кыска кабар | 5 Мар 2019 | 468 | 0

Жогорку Кеӊештин Коопсуздук комитети Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогоркус Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Келишимге ылайык, Германия Өкмөтү 2017-2018-жылдары эки тараптуу техникалык жана финансылык кызматташтык үчүн 40,1 млн евро гранттык каражаттарды берүүгө милдеттенүүдө, анын ичинде 21,1 млн евро техникалык кызматташтык долбоорлоруна бөлүнөт.

Экономика министри Олег Панкратовдун айтымында, гранттык каражаттын 8,5 млн евросу эконом-класстагы социалдык турак жайлардын курулушуна жумшалат.

Социалдык турак жайларды өлкө аймагындагы 20 шаарында куруу долбоору пландаштырылууда. Ал үчүн алар Мамлекеттик ипотекалык компания менен келишим түзүлүүгө тийиш. Азырынча 7 шаар менен ушундай келишим түзүлдү”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Германия Кыргызстанга жалпы жонунан 542 млн евро каржылык жардам көрсөтсө, анын ичинде 344 млн евро гранттык каражат, ал эми калганы жеӊилдетилген насыя.

Copyright © 2017 Maral FM