Биз менен байланышыңыз

Асанов: Атамбаев кылган кылмышына жооп бериши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 626 | 0

Саясатчы Бектур Асанов “Марал” радиосуна берген маегинде мурдагы бийликтин таасири абакка чейин сезилип турганын билдирди.

Ал абакта отурганда президенттин алмашканын 2018-жылдын июль айында сезгенин айтат.

«Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда түрмөдөгү кызматкерлер максималдуу психологиялык басым жасоого аракет кылышчу. Алар колдон келишинче ар кандай интригаларды жасашчу. Өткөн жылдын августа айында бизге болгон мамиле өзгөрдү», — дейт Асанов.

Ал бийлик менен кылмыштуу топ бирге иштеген учурлар болгондуктан көпчүлүк конфликке баруудан карманып, акча сунуштарын белгилейт.

«Абакта мүнөз көрсөтүп, күрөшүү эркиндикке караганда татаал. Бирок биз күрөшүүнү эч бир жерде токтоткон жокпуз. Атамбаев менен сүйлөшүп кечирим сурап койбойсунарбы деген сунуштар болду. Биз аны менен эч качан сүйлөшпөйбүз. Мен Атамбаевди азыр деле кечирем. Бирок ал кылган кылмышына жооп бериши керек», — дейт саясатчы.

Эске салсак, 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту чыгарган өкүмгө ылайык, Бектур Асанов «кылмышка даярдануу» жана «бийликти күчкө салып тартып алуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, 12 жылдан эркинен ажыратылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айында шарттуу түрдө эркиндикке чыккан.

Copyright © 2017 Maral FM