Биз менен байланышыңыз

Бектур Асанов: саясаттан көңүл калуу деген болбойт

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 725 | 0

Саясатчы Бектур Асанов “Марал” радиосуна берген маегинде алдыдагы парламенттик шайлоого түз болбосо дагы, кыйыр түрдө катышарын билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылкы парламенттик шайлоо таза өтсө учурда Жогорку Кеңеште отурган партиялардын бирөө да жеңишке жетпейт. Себеби бир дагы партия 3 жылдын ичинде бекемдигин көрсөтө алган эмес.

2020-жылкы парламенттик шайлоого карата партияларда жаңы биригүүлөр болот. Өлкөдө парламентке өтүүгө дарамети бар 5 ири саясий блок түзүлөт. Шайлоонун алдында күчтүү оппозиция түзүлөт.

«Саясаттан көңүл калуу деген нерсе болбойт. Биз кылмыш жасаган эмеспиз, жаңы жагдайлар боюнча сөзсүз акталабыз. Саясий окуяларга таасирибиз болот. Бийлик канчалык көп катачылык кетирсе ошончолук чоң оппозиция түзүлөт. Акча негизги ресурс эмес. Саясатта акча жок болсо да таасир этүүгө болот», — дейт Асанов.

Ал буга кошумча, кайсы жерде болбосун кызматка команда менен баруу зарыл экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM