Биз менен байланышыңыз

Исаков: «Кайнакты» Түркияга өткөрүү менен өлкөгө келчү инвестициянын жолун жаап жатабыз

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 615 | 0

Ишкер Гүлжигит Исаков “Марал” радиосуна берген маегинде Жогорку соттун Кырызстандагы “Кайнак” ишканасын Түркиянын фондуна өткөрүү боюнча кабыл алган чечиминин мыйзамдуулугунда күмөнү бар экенин билдирди.

Исаков Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын соттук иштерге аралашканын туура эмес деп эсептейт.

«Маркум Табылды Эгембердиев маңдай тери менен көтөрүлүп, эл аралык масштабда чоң ишкерге айланды. Эми Табылды мырзаны сен террористсин деп, мүлкүн тартып алуу канчалык туура болот? Кыргызстандагы «Кайнак» ишканасы Түркиядан бир тыйын дагы алган эмес. Мындан улам Түркиянын Кыргызстандагы «Кайнак» ишканасын тартып алганы мыйзамдуу эмес. Ишкананы Түркияга өткөрүү менен Крыгызстанга келе турган инвестициянын жолун жаап жатабыз», — дейт Исаков.

Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен 4 жылдан бери соттошуп келе жаткан жаран катары кайсы инстанция канча акча сурарын айта аларын белгиледи.

“Кайнак” Кыргызстандын ишканасы катары түзүлгөн. Жада калса, Африканын бир да өклөсү түрк лидери Режеп Тайип Эрдогандын пайдасына чечим чыгарган жок. Түркия бир топ өлкөлөрдөн Фетхуллах Гүленге симпатиясы болгон адамдарды сурап жатат. Бирок Батыш өлкөрлөрүндө укук, мыйзамдуулук сакталат. «Төңкөрүшкө Ф.Гүлендин тиешеси бар экенин далилдеп бергиле» десе, Түркия тарап далилдей албай жатат. Түркияда мыйзамдын үстөмдүгү жок. Баары диктаторго айланган Эрдогандын оозунда. Жаман үйдү коногу бийлейт болбошубуз керек. Мен Түркияда билим алган адам катары алардын ички саясатын, атайын кызматтарын билем. Түркиянын экономикалык абалына карасак, алардын «инвестиция алып келебиз» деген куру сөзүнө ишенбейли. Чет өлкөнүн көйгөйлөрүн Кыргызстанга импорттоонун кажети жок», — дейт Исаков.

Ал буга кошумча, 2016-жылдагы Түркиядагы төңкөрүш жасалма экенин айтып, аны далилдеген протоколдор ачыкка чыкканын маалымдады. Мындан улам төңкөрүш жасоого айыптоо боюнча козголгон кылмыш иштер мыйзамсыз экенинен кабар берерин белгиледи.

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк Адилеттүүлүк долбоору (World justice Project) мыйзамдуулуктун орношу, адам укуктарынын сакталышы жана бийликтин адилеттүүлүгү боюнча жарыялаган рейтингинде Түркия 126 өлкөнүн ичинен 109-болуп таанылган. Мындан алты жыл мурунку тизмеде Түркия 30-40-орундарда жайгашчу.

Түркиядагы “төңкөрүштүн” чуулгандуу протоколу ачыкка чыкты

Copyright © 2017 Maral FM