Түркияда 2016-жылдын 15-июлунда орун алган «аскердик төңкөрүш аракетине» байланыштуу ачылган кылмыш ишинин негизги протоколу коомчулуктун көңүлүн бурду. Журналист Ахмет Дөнмез аталган окуяга байланыштуу сот иштеринин негизин түзгөн окуянын протоколун ачыкка чыгарды. Анда көңүл бурдуруучу урунттуу жагдайлары бар.
Окуянын протоколун Анкара мамлекеттик прокуратурасынын прокурору Сердар Жошкун түзүп, кол койгон. Документ «төңкөрүшкө» катышы бар делип айыпталган кишилердин сотунда негиз катары колдонулган.
Маалыматка ылайык, протокол Стамбул жана Анкарада болгон тополоң башталгандан үч сааттан кийин толтурулган жана ал саатта али боло элек жана кийин деле такыр болбогон иштерди «болуп өттү» деп жазган.
Тактап айтканда, Түрк парламенти-Межлиске бомба ташталганы, окуяга 1,5 саат калганда жазылган. Өзгөчө, парламенттин бомбаланышынан бир нече адам өлгөнү айтылат, чынында адам өлүмү болгон эмес.
Мындан сырткары бир канча басылманын офиси жайгашкан «Доган медиа» борбору козголоңчулар тарабынан басып алынганы окуяга эки саат калганда жазылып, сакталган. Ал эми Стамбулдагы аскердик бөлүккө бомба ташталганы протокол толтурулуп, кол коюлганына төрт мүнөт калганда болуп өткөн.
Ал эми такыр болбогон окуялар: атайын кызматтын бомбаланышы, мамлекеттик чалгын кызматынын басып алынышы ж.б. иштер протоколдо көрсөтүлгөн.
Мындан сырткары «төңкөрүш» убактысы бир канча сааттык айырма менен жазылган. Эң негизгиси, протоколдун аягында төңкөрүштү Америкада жашаган дин аалымы Фетхулла Гүлен уюштурганы белгиленген. Укукчу-прокурордун эч кандай сот-сураксыз эле күнөөкөрлөрдү окуя башталары менен жарыялаганы чоң суроолорду жараткан.
4-февраль күнү жарыяланган макала социалдык түйүн желелеринде кызуу талкууга жем таштады. Көпчүлүк аталган «төңкөрүштүн» мурдатан пландалып, өкмөттүн көзөмөлүндө ишке ашканы тууралуу пикирлерин жаадырды. Жадагалса ал каргашада мындан да кандуу иштер пландалып, бирок толугу менен ишке ашпай калганы ыктымал экени иликтөөдө белгиленген.
Эске салсак, 2016-жылы 15-июлда Түркияда Анкара жана Стамбул шаарларында күч түзүмдөрүндөгү бир нече жүз аскер тополоң чыгарып, төңкөрүш кылууга аракет кылышкан. Аракет бир түндө токтотулуп, ага дин аалымы Фетхуллах Гүлен жана Кызмат кыймылы ошол эле күнү күнөөлүү деп табылган. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилип, эки жылга созулган. Бул кырдаалда жүз миңдеген адам кызматынан алынып, жарандыктан чыгарылып, түрмөлөргө сот-сураксыз камалган. Жүздөгөн медиа компаниялар, жеке ишканалар жана билим берүү мекемелери тартылып алынып, белгилүү тараптарга өткөрүлүп берилген.