Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Түрк элчисинин айтканын саясий эсептешүү катары баалоого болот

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Мар 2019 | 690 | 0

Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Женгиз Камил Фыраттын соттук иштерге катышуусу туура, бул жерден эч кандай осолдукту көргөн жокмун. Мындай пикирин КРдин эмгек сиңирген юристи Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, эгер сот иштери ачык болсо, анда кызыктар тараптардын баары соттук процесске катыша алат.

«Эгерде Түркиядагы «Кайнак» ишканасынын мүлкү мамлекеттин фондуна өткөн болсо, анда аталган ишкананын Кыргызстандагы мүлкү дагы жергиликтүү соттордун чечими аркылуу түрк тарапка өтүүгө тийиш. Кыргыз соттору мыйзамсыз чечим чыгарды деп күмөн саноого укугум жок. Жогорку соттун чечими акыркы чечим жана даттанууга жатпайт. Бирок жаңы жагдайлар ачылса, ишти кайра кароого болот. Эгер Түркия «Кайнакты» актап чыгарса, анда ишкананын Кыргызстандагы мүлкү да кайтарылат», — дейт Чолпонбаев.

Ал сот системасы да коомчулук сыяктуу коррупцияга батканын моюнга алуу зарыл экенин белгилеп, кыргыз соту Түркиянын соттук чечимин пайдаланууга милдеттүү экенин айтты.

Маалым болгондой, Жогорку сот Кыргызстандагы “Кайнак” ишканасын Түркиянын фондуна өткөрүү чечимин кабыл алган. Соттук процесстерге Женгиз Камил Фырат өзү катышкан. Ал сот тарабынан «Кайнактын» ишин токтотуу чечими кабыл алынса, Түркия тараптан Кыргызстанга келген инвестициянын көлөмү дагы да артат деп ишендирген.

«Түрк элчинин айтканын саясий эсептешүү катары бааласак болот. Эгерде «Кайнак» Кыргызстанга тийешелүү компания болсо, анда кеп башка. Бирок мүлктүн кайтарылышы дүйнөдө биринчи жолу болуп жаткан практика деп, өзүбүздүн сотторду кордоодон алысмын. Бакиевдин мүлктөрү да Кыргызстанга кайтарылып жатат. Кыргызстанда туруп, интернетте болуп жаткан кабарларга чектелип, Түркияда төңкөрүш болгон жок, бул провокация деп айтуу туура эмес. Ал жактын да атайын кызматы бар», — дейт Чолпонбаев.

Жактоочу: Жогорку сот түрк элчинин басымы менен чечим чыгарышы мүмкүн

 

 

Copyright © 2017 Maral FM