Биз менен байланышыңыз

Жактоочу: Жогорку сот түрк элчинин басымы менен чечим чыгарышы мүмкүн

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 1182 | 0

“Кайнак” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүсү, ишкер Эмин Кызылкаянын жактоочусу Денис Диканский Бишкек шаарында өткөн маалымат жыйында, Түркиянын Башкы прокуратурасы Кыргызстандагы сот органдарынын жардамы менен ишкердин бизнесин мыйзамсыз тартып алууга аракет кылып жатканын билдирди.

Анын айтымында, Түркиядагы 2016-жылкы төңкөрүштө аталган өлкөдөгү “Кайнак” ишканасынын мүлкү бийлик тарабынан тартылып алынган. Кийинчерээк Эмин Кызылкаяны Кыргызстандагы бизнесинен ажыратуу аракеттери башталган.

Ал эми Эмин Кызылкая эки жылдан бери Кыргызстандык соттордон адилеттик таппай келет.

Анткени кыргызстандык Нурлан Акматов аттуу жаран 2016-жылдын 29-июлунан тарта “Кайнактын” башкы директору экенин айтып чыккан.

Бул боюнча инвестор сотко да кайрылган. Бирок эки инстанцияда Нурлан Акматовдун пайдасына чечкен. Ал «Кайнакты» кайра каттоого аракет кылып келет.

Учурда иш Жогорку сотто каралып жатат. Буга Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат катышып, сотторго басым кылып жатканы айтылат. Мындан улам чет өлкөлүк инвестор өлкө башчыдан, премьер-министрден, Коопсуздук кенешинен жана Жогорку соттон жардам сурап кайрылууда.

Белгилей кетсек, Эмин Кызылкая Бишкектен жер алып, аны “Кайнактын” кызматкери Нурлан Акматовдун атына каттаткан болчу.

Мыйзамга ылайык, 2012-жылдары чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан өзүнүн атына кыймылсыз мүлк каттай алчу эмес.

Copyright © 2017 Maral FM