Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда свет жана жылуулукка болгон тариф кымбаттабайт

Коом , Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 748 | 0

Кыргызстанда свет жана жылуулукка болгон тариф кымбаттабайт. Бул тууралуу биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов КСДП фракциясынын бүгүнкү жыйынында билдирди.

Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу жана жер казынасын пайдалануу Мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Таалайбек Нурбашевдин айтымында, жаңы тарифтик саясат ушул жылы киргилет.

Кубатбек Боронов тарифтерди кайра кароодо сөзсүз түрдө эле баалар жогорулатылбайт, деп белгиледи.

«Быйыл Өкмөт тариф саясатын кайра карайт, бирок тарифти жогорулатуу болбойт», — деди Боронов.

Copyright © 2017 Maral FM