Биз менен байланышыңыз

Мусабеков: Таксилер эми атайын сүрөт чаптап, таксометр колдонушу керек

Күн чабыт | 28 Фев 2019 | 1134 | 0

Эми Кыргызстанда таксилер милдеттүү каттоодон өтөт. Транспорт жана жолдор министрлиги тийиштүү документти коомдук талкууга алып чыкты.

Мыйзамдын долбоорунда эл ташыган айдоочуларга бир катар талаптар күчөтүлдү. Мындан ары каттоодон өтпөгөн унаа ээлери такси кызматын көрсөтө албайт. Документте камтылган өзгөртүүлөр тууралуу «Күн чабыт» программасында Транспорт жана жолдор министрлигинин автомобиль транспорт башкармалыгынын башчысынын орун басары Нурмат Мусабеков айтып берди.

Марал: Нурмат мырза, таксилерди ирээтке келтирүү демилгеси буга чейин да көтөрүлүп бирок ишке ашкан эмес. Бул жолу даярдалган документте такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга кандай талаптар кирди?

Мусабеков: Биз жеңил таксилерге өзгөчө артыкчылык белгилерин киргизүүнү, ошондой эле таксилердин бирдиктүү реестрин түзүүнү көздөп жатабыз. Биринчиден, ар бир такси таксометр менен жабдылуусу керек. Экинчиден, таксилердин кандайдыр бир бирдиктүү түскө боёлбогондугуна байланыштуу биз жок дегенде биринчи этапта автомобилдин эки капталын тогуз квадраттан турган жерине сүрөт чаптоону сунуштап жатабыз. Бул сүрөт ак же кара же ак сары түстө болот. Мисалга айтсак, чет өлкөлөрдө автомобилдердин сырткы көрүнүшүнө катуу талаптар коюлган. Жада калса, автомобилдердин сырткы өңүн бирдей кылып боёшот. Алсак, такси көбүнчө сары түскө боелот. А биз айдоочулардын социалдык абалын карап, баардык унаалар үчүн бир өңдү киргизбестен, минималдык түрдө тогуз квадраттык сүрөттү чаптоону сунуштап жатабыз.

Марал: Бул демилгеңиздер айдоочулар тараптан бир катар суроолорду пайда кылып жатат. Милдеттүү каттоо эрежеси башка транспорт каражаттарына киргенби?

Мусабеков: Автомобиль транспорту мыйзамда дагы мыйзам укуктуу орган, тагыраагы, Транспорт министрлиги ташуучулардын реестрин түзөт деп белгиленген. Азыркы күндө Транспорт министрлиги тарабынан автобустар жана кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташуучулардын реесри түзүлгөн. Ошондо эле Эл аралык багытта жүк ташуучулардын дагы реестри бар. Бул жерде таксилер гана четте калган. Андыктан биз таксилердин реестрин түзүп, канча такси кызмат көрсөтүп жатканын так биле алабыз. Бул жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу боюнча талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн жасалууда.

Марал: Сиз айткан милдеттерди айдоочу жеке өзүнүн каражатына жасашы керекпи? Ал эми мыйзамды сактабаган айдоочуларга кандай чара көрүлөт?

Мусабеков: Жаңы эрежени киргизип пайда табууну көздөгөн жокпуз. Бул нерсени министрлик эч кандай акча албастан, бекер реестрликти түзөт. Болгону кирип жаткан таксилерге талон берилет, берилген талонду айнегине чаптап алат. Ошондо гана айдоочу мыйзамдуу түрдө иштеп жатам деп эсептелет.

Кийинки этабында реестрге кирбеген таксилерди жүргүнчү ташууга тыюу салынат. Бирок азыркы учурда административдик бузуулар кодексинде буга карата айып пул, айыптар каралган эмес. Эгерде бул токтом күчүнө киргенден кийин реалдуу түрдө күчкө ээ болушу үчүн биз айып пул салуу үчүн иш аракеттерге барабыз. Ошентип реестрден өтпөгөн таксилерди жүргүнчү ташууга толук тыюу салабыз.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM