Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Бишкекте “48 саатка жоголуу” оюну өспүрүмдөр арасында катталган жок

Кыска кабар | 27 Фев 2019 | 980 | 0

Буга чейин Орусиянын аймагында социалдык тармактарда “48 саатка жоголуу” деген интернет оюндун жайылып жатканы белгилүү болгон. Бул тууралуу бүгүн, 27-февралда Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгы билдирди.

Кыйратуучу жаңы оюндун уюштуруучулары жаш өспүрүмдөрдү үйүнөн 2 суткага чыгып кетүүнү жана телефондорун өчүрүп жашырынуу талабын коюшат. Оюндун шарты боюнча соцалдык тармактарда, Жалпыга маалымдоо каражаттарында жоголгон бала жөнүндө издөө жарыяланып, ал кабар канчалык көп адамга жетсе, жашынган бала ошончолук көп упай алат.

Оюндун башкы максаты жоголгондугун болушунча көп адамга жеткирүү, расмий изилдөөгө түшүү  жана жоголуунун себептерин айтпоо.

Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча Бишкекте бул оюн жаш өспүрүмдөр арасында катталган эмес.

Оюндун алдын алуу боюнча Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгына ата-энелерге жана билим берүү мекемелеринин окуучуларына профилактикалык түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Ушул тапта Ички иштер министрлигинин кызматкерлери Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы менен бирге иш алып баруу боюнча жолугушууларды уюштуруп жатат.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM