Биз менен байланышыңыз

Улуттук Банктын төрөгасы кечирилип жиберилген турак жай ссудасын өзү төлөйт

Кыска кабар | 26 Фев 2019 | 501 | 0

«Башкы прокуратура турак жай ссудалар боюнча иликтөөсүн аяктап, эч кандай мыйзам бузууларды аныктаган жок», — деп билдирди бүгүн, 26-февралындагы маалымат жыйынында Улуттук Банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгулов.

Улуттук Банктын төрөгасы Толкунбек Абдыгуловго 5 млн сомдук турак жай ссудасын кечип жиберишкен.

Анын айтымында 3 айдан бери бул тема коомчулукта кызуу талкууга алынып, бул иштин закон ченемдүүлүгү боюнча маселе көтөрүлүп чыккан.

“Коомдун талкуусунда менин гана репутациям эмес, Улуттук Банктын репутациясы да сөз болуп жатат. Мына ошого байланыштуу мен өз каалоом менен турак жай ссудасы боюнча кечирилип жиберилген акчаны өзүм төлөйм. Жакынкы убакытта менин бул төлөмдөрдү ишке ашыруу  боюнча тиешелүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилет”,- деди Толкунбек Абдыгулов

Эске салсак, 2015-жылы Толкунбек Абдыгулов 5,5 млн сом өлчөмүндө турак жай ссудасын алган. 2017-жылы 31-октябрда турак жай ссуданын калган бөлүгүн 4 млн 824 миң сомду Улуттук Банкта иштеген көп жылдык эмгеги үчүн кечип жиберишкен.

 

Copyright © 2017 Maral FM