Биз менен байланышыңыз

Болотканов: КТРКнын директорлугуна «атың чыкпаса жер өрттө» болуп аттангандар көп

Кыска кабар , Пикирлер | 26 Фев 2019 | 613 | 0

Коомдук теле-радио корпорациясына башкы директорлугуна талапкерлердин арасында «атың чыкпаса жер өрттө» болуп келгендер да көп. Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, КТРКнын башкы директорлугун шайлоонун жол жоболору так сакталууда. Талапкерлер 4 этап менен каралып жатат.

“Мен КТРКга жараймынбы, буга чейин ушундай жумуштарга иштеп көрдүм беле деген сыяктуу жеке инсандык жоопкерчилик болушу керек. Эзели эки кишинин жоопкерчилигин албаган бирөөлөр келип алып, айрымдар азыр сотко чейин берип жатканын угуп жатабыз. Түзүлгөн жумушчу топ 19 талапкердин документтерин карап чыктык. Алардын айрымдары мыйзамдын талаптарына жооп бербей жатат», — дейт Болотканов.

Маалыматка ылайык, Коомдук теле радио корпорациясына башкы директор болом деген 22 киши арыз берген. Алардын ичинен 19ун байкоочу кеңеш талапкер катары аныкталган. Калган үчөөнүн тиешелүү документтери толук болбогондуктан, талапкерликтен четтетилген. Эми 28-февралда катталган талапкерлер программасы менен тааныштырат. Ал эми шайлоо 14-мартта өтөт.

“Талапкерлер байкоочу кеңештин 2/3 добушун ала алса, 14-мартта КТРКнын башкы директору белгилүү болот. Эгер аталган добушту эч ким ала албай калса, кайра сынак жарыяланат. Башынан жарыя берилип, документ тапшырууга барып калуу да мүмкүн”, — дейт Болотканов.

Copyright © 2017 Maral FM