Биз менен байланышыңыз

Бүгүн КТРКнын башкы директору шайланат

Кыска кабар | 6 Мар 2019 | 743 | 0

Коомдук телерадио корпорациясынын (КТРК) Байкоочу кеңеши бүгүн телеканалдын башкы директорун шайлайт. Бул тууралуу Байкоочу кеңештен билдирди.

Жашыруун добуш берүү саат 15:00гө белгиленген.

Өткөн аптада КТРКнын башчысы кызмат ордуна талапкер болгон 17 кишинин программасы угулуп, сегиз киши Ибраим Нуракун уулу, Мирлан Самыйкожо, Замирбек Казакпай уулу, Галина Байтерекова, Жайнак Үсөн уулу, Болотбек Тиллебаев, Адил Турдукулов жана Сураган Босумбаев финалдык баскычка өткөн болчу.

КТРКнын башчысы төрт жылга шайланат. Каналдын учурдагы жетекчисинин иш мөөнөтү ушул жылдын 19-мартында аяктайт.

Copyright © 2017 Maral FM