Биз менен байланышыңыз

КТРКнын башкы директору кызмат ордуна сынак уланат

Кыска кабар | 1 Мар 2019 | 905 | 0

Бүгүн 1-мартта Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (КТРК) башкы директорлугу кызмат орунга талапкерлердин сынагы улантылат.

Байкоочу Кеңештен билдиргендей, бүгүн талапкерлер өз программалары менен тааныштырып башташат.

28-февралда учурдагы директор Илим Карыпбеков өз ыктыяры менен жарыштан чыга турганын жар салган. Байкоочу кеңеши ошондой эле Каарманбек Кулуевди да талапкерлердин тизмесинен добуш берүү аркылуу жарыштан чыгарышкан. Ал чет өлкөдө туруп Скайп аркылуу сынакка катышканы жаткан. Байкоо кеңеш буга макул болгон эмес.

Байкоочу кеңеш кечээ талапкерлер болгон 17 кишини аңгемелешүү турунан өткөргөн. КТРКнын башкы директору кызматына Марал радиосунун кызматкери Мирлан Самыйкожо да ат салышып жатат.

КТРКнын башчысы кызмат ордуна адегенде 22 талапкер катталып, документтер сынагынан эле үчөө кулаган.

Copyright © 2017 Maral FM