Connect with us

Лилия, Чыңгыз: Көмүр таратып мыкты болгон «черный», эфирге бир фляга бозо алып келген апа

Көңүл ачуу , Марал шоу | 4 Июн 2021 | 13010 | 0

Бир кездерде радио тармагындагы көңүл ачуучу музыкалык программаларда угармандарга жылуу маанай тартуулаган алып баруучу, диджейлер Чыңгыз Мырзаев жана Лилия Абдыбаитова «Марал» радиосунда кызыктуу маек курушту.

— Радиону сагынсаңыздар керек, сөздү ушундан баштайлычы…

Лилия: — Башкаларды билбейм, мен чынында эле сагындым. Аябай сагынгандан уламбы, эфирге келгеним курортко келгендей эле сезимге бөлөп жатат. Бир жылдай болуп калды бөбөк менен үйдө отурганыма. Үйдө балам экөөбүздүн «колдорубуз шак-шак» деген аурадан сырткары бул жакка келип калдым. Сагыныч менен келгендиктен, көп нерселер башкача көрүнүп жатат.

Чыңгыз: — Чындыгында иштеп жүргөн учурларды эстеп, көз алдыга чагылдыруу жагымдуу болот эмеспи. Радио бизди коомго аралаштырды, адам болуп калыптануубузга аябай салым кошкон тармак деп билем. Бизди угуп жаткан угармандарга салам. «Эл таянган — жер таянбайт» дейт, эл бар үчүн биз ушундай ийгиликке жеттик го деп ойлойм.

— Лилия эже, радио тармагында эмгектенгениңизге 20 жылдай, ал эми Чыңгыз мырзага 15 жылдай болуп калды окшойт, ээ?

Чыңгыз: — Ии, эми жалпы эсептеп айта турган болсом, телерадионун эшигин 21 жашымда ачтым, ошондо баш-аягы 15 жылдай болуп калды. Бул жактын тузу оор дегендей, кирген киши чыга албайт, кеткиси да келбейт. Айлыктын аздыгына да кайылсың,  айтор телерадио өзүнө жипсиз байлап турат.

Лилия: — Чын, мен деле наристемди үйгө таштап коюп эле чыгып кеттим, үйдөгүлөр туура эле түшүндү окшойт. Сиздер менен баарлашып, эфирдеги болгон нерселерди эстеп, угармандар менен сүйлөшүп, түз эфирди сагындым деп эртең менен айтып жаттым эле, мына минтип эфирде отурабыз.

— Негизи телерадио тармагы кызыктарга аябагандай бай эмеспи. Иштеп жүргөндөгү кызыктуу учурлардан эстеп, айтып бербейсиздерби?

Чыңгыз: — Биз иштеген маалда баары эркин болчу, каалагандай отуруп, каалагандай кыймыл-аракет жасап дегендей. Бир учурду эстеп, айтып берейин. Радиого жаңы келген жылдары техника менен таанышып, пульт менен биргеликте телефондогу чалууларды кабыл алып, смс билдирүүлөрдү да окучубуз. Ал учурда смс компьютерге келчү, каттарды кагазга чыгарып алып, кыркып-кыркып мыкка сайып коюп, учуру келгенде окуп турчубуз. Ушул иштердин баарын кылам деп, ысыкта «Ыр дүкөн» деген программаны майкачан отуруп алып баргам. Анан дагы кошумчалай кетсем, эртең мененки угармандар менен кечки угармандардын бири-биринен кадимкидей айырмасы бар. Эртең мененкисин бир туугандай, баарлашканга жеңил угармандар болот эле. Ал эми кечки эфирде болсо чарчагангабы, урушкусу келген угармандар көбүрөөк болчу. Же мага ушундай сезилчүбү. Ошентсе да Кудайга шүгүр, бул тармакта агардык, көгөрдүк, эл уулу болдук дегендей.

Лилия: — Угармандар менен иштешкенде аябай кылдат болуу керек, анткени алар ар нерсе айтып ийиши мүмкүн», — дешет го. Анын сыңарындай, бир жолу эфирде мыктылар жөнүндө сөз кылып жатканбыз: «Айылдын мыктылары чалгыла, кимге ыраазычылык билдиресиздер? Ким сиздерге жакшы жардам берди?» — деген сыяктуу суроолор менен кайрылып калдык. Бир киши чалып: «Биздин айылда бир жакшы бала бар, көмүр жагынан жардам берип жатат, балдарыбызга да жардам берип турат», — деп калды. Биз да: «Ой, азамат тура, көмүр алып берип, жардам берип жатса. Аты ким болду экен?» — десек, «Ал черный да», — деп коёт.

— Кесиптештериңиздердин бирөөсү: «Жумуш бүткөндөн кийин, сыртка чыгып, үйгө кетүү кыйыныраак болчу. Айрым учурда күйөрмандар келип, эшиктин алдынан күтүп алышчу», — деди эле. «Жылдыз» оорусу менен ооруган учурларыңыздар кездешсе керек… 

Лилия: — Мен бир «жылдыз» болом деп уят болгонумду айтып берейинби? Эфирде отурабыз, анан «сыртта сизге бирөө келди» деп калышты. Чыксам,  жыйырма жаштан өткөн кыз сиңдисин ээрчитип келген экен. «Саламатсызбы, Лилия эже? Биз сизди аябай жакшы көрөбүз. Эфирди көрүп кетели дегенбиз, студияны көрсөк болобу?» деп суранып калышты. Макул деп киргизип, сиңдисинин атын сурап калдым. Аты Лилия экен. Кирип келип эле кесиптештерге сүйүнчүлөп: «Карасаңар, бул кыз биздин угарманыбыз экен, бөбөгү менен келиптир, сиңдисинин атын менин атымдан коюшуптур Лилия деп», — десем, тигил кыз: «Жок, эже, мындай эле койгонбуз, сиздин урматыңызга деле эмес», — дейт ыңгайсыз кылып.

Чыңгыз: — Менде дагы кайсы жылдары экени эсимде жок, радиодо иштечүмүн. «Түнкү канал» деген уктуруу бар эле. Лилия эже экөөбүз түнгө чейин чогуу иштечүбүз. Бир күнү эфирден чыксам, теленин алдында азыркы биз курактуу төрт-беш жигит турган экен. Бирөө: «Мен уулду болдум, атын Чыңгыз койдук, фамилиябыз Мырзаев», — деп сүйүнчүлөп калды. Аябай сүйүнгөм. Учурда ал бала бой тартып, жигит болуп калса керек. Өмүрүн берсин.

— Бир интервьюңузда: «Чыңгыз экөөбүздүн бир программа менен теле жаатына баралы деген планыбыз бар», — дептирсиз. Планыңыздар ишке аштыбы?

Лилия: — Бир жылдары «Түнкү канал» берүүсүн чогуу алып бардык. Ассоль Молдакматованын долбоору эле. Программа эки тилде кыргызча-орусча болчу. Кыргызча болгондо Чыңгыз экөөбүз алып барчубуз. Чынын айтканда, Чыңгыз мага караганда бат көнүшүп кетти теле жаатына. А мен болсо радиого көнүп калгандыктан түз отурбай, маекке берилип кетсем кыйшайып алып, айтор ушундай каталарды кетирип алчумун. Анан наушнигиме: «Лилия, түз отур, курсагыңды тарт, колуңду ал» деген сыяктуу эскертүүлөрдү берип турушчу. Кээде чочуп кетип: «Не дейсиз, а?», — деп ийчүмүн. Чыңгыз болсо эч сыр бербейт, сымбаттуу, серьезный отура берет.

— Негизи мурдагы учурдун радиоугармандары аябай күчтүү болгон экен, ээ?

Лилия: — Ооба, башкача болчу. Биз башкача популярдуу болчубуз да (күлүп). Телеграммалар келчү чоң барактай болуп. Кээде кат менен кошо ичине акча же таттуу сагыз, ушуга окшогон бир нерселерди салып койгон өзгөчө угармандарыбыз бар эле.

Чыңгыз: — Диск салып жөнөтүшчү, «мени угуңуз же бул ырларды угуп жүрүңүз» деген сыяктуу. Сонун болчу. Анан ар бир майрамда эт жечүбүз. Ар бир майрамда бизге устукан алып келгендер көп болчу, бир жолу бир апа флягасы менен бозо көтөрүп келген.

— Чыңгыз мырза, «жигитке 70 өнөр аздык кылат» дейт. Сизди ырчы катары, актёр катары да тааныйбыз. Угармандар, көрөрмандар билбеген дагы кандай өнөрүңүз бар? Лилия эже, сизге да ушу суроону берели…

Чыңгыз: — Кир жууйм, камыр жууруйм (күлүп). Чындап кааласам, колумдан көп эле иш келет. Чарбачылык бар, мал карайм. Бир аз ыр жазам. Жакшы бала болгонго, жакшы ата болгонго, жакшы жубай болгонго аракет кылам. Коомго пайдасы тийген, пайдасы тийбесе да зыяны тийбеген инсан болгонго аракеттенип жатабыз.

Лилия: — Мен урушканды жакшы билем десем, ээ (күлүп). Чынын айтканда, угармандар билбеген нерселер көп эле болсо керек. Алып баруучу катары гана таанышат да. Эфирден сырткары команда менен иштешкенди билем, анан үйдө кожейке болгондон кийин тамак жасаганды жакшы көрөм. Орустардын жакшы сөзү бар: «Жүз жыл жаша, жүз жыл үйрөн, баары бир келесоо бойдон өтөсүң» деген. Жашоодо баарын үйрөнө албайсың го эми. Бирок адам чындап кааласа, ар кандай нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүгү бар.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM