Биз менен байланышыңыз

Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 752 | 0

Бүгүн, 25-февралда Аскар Мамин Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Бул тууралуу tengrinews.kz жазды.

Мажилистин депутаттары Маминдин талапкерлигин колдоп, президент Нурсултан Назарбаев тиешелүү жарлыкка кол койду.

Аскар Мамин 1965-жылы Целиноградда төрөлүп, Г. В. Плеханов атындагы Оруссия экономикалык академиясын бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-куруучу жана экономист. Бул кызматка чейин Астана шаарынын мэри, Казакстан темир жолу ишканасынын президенти жана башка бар катар кызматтарда иштеп келген.

Эске салсак, Бахытжан Сагинтаевдин өкмөтү 21-февралда отставкага кеткен.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM