Биз менен байланышыңыз

Молдовадагы шайлоодо Орусияга ыктаган социалисттер Партиясы алдыда келатат

Кыска кабар | 25 Фев 2019 | 672 | 0

Молдованын Борбордук шайлоо комиссиясы ушу тапта 98,13 пайыз протоколду карап чыкты. Алдын ала жыйынтык боюнча 31,75 пайыз менен Орусияга ыктаган социалисттер Партиясы алдыда келатат. Дагы бир шайлоо участогунда добуш берүү уланууда.

Блок ACUM 25,26% добуш алган. Учурдагы башкаруучу Демпартия — 24,48%, «Шор» — 8,55% добушка ээ болушкан. Шайлоого катышкан калган саясий партиялар 6 пайыздык шайлоо тосмодон өтө алышкан эмес.

Бир мандаттуу округдар боюнча 90 пайыз протоколдор текшерилгенден кийинки маалымат боюнча Демпартия, Парламенттеги 19 орунга, социалисттер — 15 жана Блок ACUM —11 орунга жетишери айтылууда. Мындан сырткары көз карандысыз үч талапкер Парламентке келет.

Парламентте өз алдынча башкаруучу коалиция түзүү үчүн азырынча бир да партиянын добушу жетиштүү эмес.

Молдовада кечээ жекшембиде парламенттик шайлоо болду. Алгачкы жолу өлкөдө добуш берүү – 50 киши партиялык тизме, 51 киши бир мандаттуу шайлоо округдан болуп аралаш система менен добуш берүү өтүүдө. Шайлоо тосмо партиялар үчүн 6%, электоралдык блок үчүн 8 пайыз.

Парламент депутаттары төрт жылдук мөөнөт менен шайланат.

Copyright © 2017 Maral FM