Биз менен байланышыңыз

Шыкмаматов: Парламент тараса 2 колдоп колдомокмун

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 537 | 0

Парламент тарай турган болсо, 2 колдоп колдомокмун. Анткени парламенттин абалына купулум толбойт. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Парламентти таратуунун негиздери болушу керек. Элге жакшы көрүнүп, упай топтойбуз деп «тарайбыз» деп койсом болот. Бирок эл «азамат» дейт, тигилер «бул да айнып калыптыр» дейт. Парламенттик корпуска купулум толбойт. Сүйлөшсөң баары адамгерчиликтүү, жакшы адамдар. Бирок сотторду шайлоого келгенде мамлекттүүлүк деген сезим, жоопкерчилик болбой жатат. «Мага тийбе, сага тийбейм», «аман жүрөлү», «чүкөңдү алыс ойно» деген сөздөрдү айтып коюшат», — дейт Шыкмаматов.

Copyright © 2017 Maral FM