Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: соттор прокурорлордун көзүн карап калган

Кыска кабар , Пикирлер | 25 Фев 2019 | 1012 | 0

Конституциялык палатанын мурунку судьясы Клара Сооронкулова “Марал” радиосуна берген маегинде соттор прокурорлордун көзүн карап калганын билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз иш козгогон прокурорлор жоопкерчиликке тартылбай жатат. Алар жоопкерчиликтен качып кетүүдө.

«Жогорку соттун судьяларына чыгарган чечими үчүн кылмыш ишин козгоо татаал. Көпчүлүк соттор жазадан качып, кутулуп кетет. 2018-жылдан тарта Башкы прокуратуранын көрсөтмөсү менен ондой судьяга кылмыш иши козголду. Сотторду жоопкерчиликке тартуу боюнча жылыштар бар. Бирок козголгон 10 кылмыш иштин баары жабык болду. Судьялар мыйзамга ишти купуя короо маселесин киргизип алып, пайдаланып жатышат», — дейт Сооронкулова.

Сооронкулова буга кошумча, үстүбүздөгү жылдын 27-февралында соттордун жоопкерчилиги боюнча тегерек стол өтөрүн белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM