Биз менен байланышыңыз

Венесуэладагы экономикалык кризистен өлкөсүн таштап кеткендердин саны 3,4 млнго жетти

Дүйнө , Коом , Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 802 | 0

Венесуэладагы экономикалык кризис жашоочуларын массалык түрдө өлкөнү таштап кетүүсүн шарттап жатат. Жыл сайын беш миңден ашык элдер өлкөсүнөн чыгып, коңшу же башка өлкөлөрдөн баш калкалоого уруксат алышат. Бул тууралуу БУУнун сайтында жарыяланды.

БУУнун качкындар менен иш алып баруу башкармалыгынын маалыматы боюнча бүгүнкү күндө Венесуэладан качкан элдердин жалпы саны 3,4 млн. Алардын 2,7 миллиону коңшу Латын Америкадан жана Кариб мамлкеттеринен баш калкалоо алышкан. Калган бөлүгү дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө кетүүдө.

Венесуэла качкындарынын эң көп бөлүгүн Колумбия кабыл алган-1,1 млн. Перудан 506 миң качкын башкалкалоо табышкан. Чили 288 миң качкынды кабыл алса, Эквадор 221 миң адамды кабыл алган. Аргенетинага 130 миң, Бразилияга 96 миң адам баш калкалоо үчүн барышкан. Көпчүлүк венесуэлалыктар Мексика жана Борбордук Америка өлкөлөрүнө да барышкан.

Венесуэлада саясий туруксуздуктан улам азык-түлүктүн жана дары-дармектин таңкыстыгы байкалгандыктан жашоочулары өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болушууда.

Эске салсак, январда оппозициянын лидери Хуан Гуайдо өзүн өлкөнүн убактылуу президенти катары жарыялаган болчу.

 

 

 

 

 

Copyright © 2017 Maral FM