Биз менен байланышыңыз

Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору деп жарыяланды

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 753 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун башкы катчысы Дүйсен Касеинов менен жолугушту. Бул тууралуу  өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө 2019-жылы Ош шаары Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору катары жарыялануусу алкагындагы иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүү боюнча уюштуруу маселеси талкууланды.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, кыргыз эли үчүн Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары тандалып алынышы абдан маанилүү.

Дүйсен Касеиновдун айтымында, Кыргызстан Ош шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору иретинде тийиштүү иш-чараларды өткөрүү үчүн белгилүү деңгээлдеги чыгармачыл мүмкүнчүлүккө эгедер. «Биз шаар жана анын инфраструктурасы менен жакындан таанышып чыктык, Ош шаары жогорку деңгээлдеги иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн тийиштүү шарттарга ээ экендигин билдире алабыз», — деп кошумчалады ал.

Ош шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланышы боюнча чечим 2019-жылы Түркиянын Кастамону шаарында 2018-жылдын 18-декабрында өткөн ТҮРКСОЙдун курамындагы өлкөлөрдүн маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин 36-жыйынында кабыл алынган.

Кыргызстандын шаарын түрк дүйнөсүнүн маданий борбору катары жарыяланышы алгач ирет орун алууда.

 

Copyright © 2017 Maral FM