Биз менен байланышыңыз

Жумабеков мекенди коргоочуларды майрамы куттуктады

Кыска кабар | 23 Фев 2019 | 943 | 0

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Ата-Мекенди коргоо күнү менен куттуктады. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын куттуктоосунда, «23 февраль – мекен үчүн жасалган эрдиктерди эскерип, алар менен сыймыктанган улуу күн. Бул майрам качандыр бир кезде аскердик форма кийип, погон тагынган бардык мырзалар үчүн эле эмес, куралдуу күчтөрдүн катарынан уулун, бир тууганын, сүйгөн жарын күткөн айымдар үчүн да маанилүү.  Биз ушул майрамды белгилеп, мекен үчүн жанын берген аталарыбызды эскерип чоңойдук. Доор алмашканына карабай, 23-февраль ондогон жылдар мурдагыдай эле эрктүүлүктү, туруктуулукту жана мекен үчүн берилгендикти даңазалап келет«,- деп айтылат.

Ата-Мекенди коргоо күнү – аскерде катаал кызматты өтөшкөн каарман жана эрктүү адамдардын гана эмес, бүгүн да элдин бакубатчылыгын жана тынчтыгыгын сактап, катарда кызмат өтөп турган аскерлердин майрамы. Мекен коргоочулардын эрдиги бул – түбөлүк өчпөй турган улуу тарыхый чындык. Айрыкча, аскердик адистикке өмүрүн арнап, Кыргызстандагы жана ага чектеш аймактагы тынчтыкты сактоо милдетин алган адамдардын турмуш жолу жаштарды тарбиялоодо чоң мектеп болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM