Биз менен байланышыңыз

Сирия: Американын 200 аскери аймакта калат

Дүйнө , Кыска кабар | 22 Фев 2019 | 984 | 0

АКШнын Сириядагы аскердик базасы жакынкы аралыкта чыгарылат, бирок тынчтыктын кепилдиги катары 200 аскер бир топ убакыт өлкөдө калтырылат. Бул тууралуу Американын президенттик аппаратынын маалымат катчысы Сара Сандерс кабарлады.

Азырынча 200 аскер Сириянын кайсы районунда жана качанга чейин калары так айтыла элек.

Мындай чечимге АКШ президенти Дональд Трамп түрк өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин келгени айтылууда.

Трамп Сирияда ИШИМ террордук тобун дээрлик жок кылып, аскерлерин өлкөдөн алып чыгып кетерин жарыялагандан кийин Франция башында турган айрым европалык мамлекеттер өзүнүн «тынчтык кепилдиктерин» Сирияга жиберүү ниеттерин билдиришкен.

Эске салсак, учурда Сирияда АКШнын 2500 чамалуу аскери ИШИМдин колундагы акыркы аймактарды тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын айтууда. Алар өздөрү өнөктөш болгон «Сирия демократиялык армиясынын» өкүмүндөгү аймакта жайгашышкан. Алардын өлкөдөн качан чыгары да беймаалым.

Copyright © 2017 Maral FM