Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда шифер чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 640 | 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шифер чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Заводдун курулушуна жеке ишкер Сапар Капаров 350 млн сомдук инвестиция кылат. Ошондой эле мэрия заводдун курулушу үчүн 4 гектар жерди узак мөөнөткө иштетүүгө бөлүп берген.

Заводдо жылына 3 млн шифер өндүрүлүп, 120 кызматкердин эмгектенүүсү пландалууда.

Зоводдун курулуш иштерин бүткөрүү ушул жылдын экинчи жарымында бүткөрүлмөкчү.

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM