Биз менен байланышыңыз

Баткен: Жеке ишкер заманбап спорт комплексин курду (сүрөт)

Кыска кабар | 28 Янв 2020 | 697 | 0

Жеке ишкер Улан Ысаков өз каражатынын эсебинен Кызыл-Кыя шаарынын калкынын ден соолугун чыңдоо үчүн “Чемпион Арене” деп аталган заман талабына ылайык, спорт комплексин куруп, пайдаланууга берди. Натыйжада, 10дон ашуун жумуш оруну түзүлдү. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Төрт кабаттуу спорт комплексинин 1-кабатында гимнастика менен машыгууга бардык керектүү болгон шарттар түзүлгөн. Ал эми 2- кабатта айымдар үчүн 3-кабатта мырзалар үчүн фитнес клуб иштөөдө. Ошондой эле 4-кабатында күжүрмөн самбо, эрежесиз уруш жана башка спортун түрлөрү менен машыгууга ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM