Биз менен байланышыңыз

Европарламент: Түркия Евробиримдикке кирүүгө татыксыз

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 780 | 0

Европарламент (ЕП) Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү 7 «каршы», 47 «макул» добуш менен  расмий түрдө токтотту. Бул тууралуу BBC Turk басылмасы жазды.

ЕПтин Түркия боюнча докладчысы Кати Пири өлкөнүн ачык эле авторитардык башкарууга өткөнүн айтып, демократия жана адам укугу кескин чектелгенин белгиледи.

«Ушул учурда Түркияда журналист, саясатчы жана укук коргоочулардан турган 50 миң киши абакта отурат. Бул кадамы менен Түркия Евробиримдиктин талапкери катары бардык кызыл сызыктарды ашты. Мунун саясий жоопкерчилиги болушу шарт»,-деди ал.

Ушундай эле пикирин билдирген сенаторлор белгилүү шарттар аткарылса гана сүйлөшүүлөргө кайрадан уруксат берилерин билдирип, муну менен ЕП Түркиядагы Эрдогандын авторитардык режиминин соңуна чыгуусу керектигин билдиргенин белгилешти.

Эске салсак, Түркия 1999-жылдан бери Евробиримдикке мүчө болууга талапкер. 2006-жылы анын талапкерлиги боюнча сүйлөшүүлөр расмий түрдө башталган. 2016-жылдагы «аскердик төңкөрүш» жүйөсү менен киргизилген эки жылдык Өзгөчө кырдаалда Эрдоган режиминин укуктук талаадан алыстап кеткенин негиз кылып, Биримдик Анкараны зыярат кылуудан баш тартып, өткөн жылдын соңунда гана атайын өкүлү мамлекет жетекчилиги менен жолуккан болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM