Биз менен байланышыңыз

653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 536 | 0

653 калктуу конуш таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн, 21-февралда, Президент Сооронбай Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда билдирди.

“Таза суу менен камсыз кылуу долбоорлору боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк Банк, Ислам өнүктүрүү банкы, Азия өнүктүрүү банкы, Кытай жана Араб өлкөлөрү менен иштеп жатабыз. Жакынкы 5 жылда Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот”, — деп белгиледи Жээнбеков.

Ошондой эле мамлекет башчы ал президенттик шайлоо убагында бардык аймактарды таза суу менен камсыз кылуу боюнча берген убадасын эске салды.

Copyright © 2017 Maral FM