Биз менен байланышыңыз

Курултайларды өткөрүү жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү

Кыска кабар | 21 Фев 2019 | 658 | 0
Султан Досалиевдин сүрөтү

Баш мыйзамдагы элдик курултайларды өткөрүүгө болгон жарандардын укугу жөнүндө жоболорун ишке ашыруу максатында жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу буйрукка презиленттик аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев кол койду.

Бул топту президентти Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев жетектейт.

Жумушчу топтун курамына Президенттин жана Өкмөттүн Аппаратынын, юстиция министрлигинин өкүлдөрү, парламенттин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер кирди.

Алар 1-сентябрга чейин элдик курултайлар жөнүндө мыйзамдарды өзүнчө мыйзам долбоору түрүндө иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдашы керек.

Жумушчу топтун мүчөлөрү:

Акматов Алмазбек Жумабекович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Гайпкулов Искандер Торобаевич –  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты (макулдашуу боюнча);

Кожоев Мирбек Кокулбаевич – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысынын орун басары – мониторинг секторунун башчысы;

Усубалиев Максат Абдыкадырович – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Мурзалиева Жыргал Нуржановна – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын укук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн эксперти;

Салиев Бахтияр Усманович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;

Молдокасымов Кыяс Сатарович – Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Турсунбек Акун – Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча конгрессинин координатору (макулдашуу боюнча);

Кошалиев Кадыр Амиракулович – «Кыргыз жолу» руханий коомунун төрагасы (макулдашуу боюнча).

Copyright © 2017 Maral FM