Биз менен байланышыңыз

Өнөр жай комитетинин статс катчысы кызматынан кетти

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 443 | 0

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин статс катчысы Айбек Асанов кызматынан кетти. Бул тууралуу Economist.kg сайтына Асанов билдирген.

Анын айтыманда, аталган кызматтан Жаңы жылга чейин эле өз арызын жазып, бардык жумуштарды өткөрүп бергенден кийин кеткен. Айбек Асанов мындан ары жеке сектордо иштөөнү пландоодо.

Кошумчалай кетсек, Асанов аталган комитетке 2010-жылы жумушка келген. Көп убакыт боюу юридикалык колдоо бөлүмүн жетектеп келген, 2016-жылдын июнь айынан баштап статс катчы болуп иштеп баштаган.

 

Copyright © 2017 Maral FM