Биз менен байланышыңыз

Өнөр жай кызматкерлеринин айлыгы жогорулаган

Кыска кабар | 23 Окт 2018 | 615 | 0

Өнөр жай тармагында иштеген кызматкерлердин орточо маянасы жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин  жакында жарыялаган “Кыргыз Республикасында өнөр жай 2013-2017” жыйнагында айтылат.

Андагы маалыматка ылайык, 2013-жылы орточо маяна 17 миң 771 сом болуп турган. Ал эми 2017-жылы 25 миң 289 сомду түзгөн.

Өнөр жай ишканалардын баланстык кирешеси  2017-жылы 11 млрд сом, ал эми 2016-жылы болсо 25 млрд сом өлчөмүндө болгон.

Copyright © 2017 Maral FM