Биз менен байланышыңыз

2018-жылы жер казынасын пайдалануудан бюджетке 11 млрд. сом түштү

Кыска кабар | 14 Апр 2019 | 538 | 0

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жалпысынан жер казынасын пайдалануучуларга конкурстарды жана аукциондорду эсепке алуу менен республикалык бюджетке 11 млрд. сом түшкөн. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Акыркы 5 жылда жер казынасын пайдаланууга колдонуудагы лицензиялардын саны туруктуу өсүүдө. 2018-жылдын аягына карата 2531 лицензия колдонулган. Алардын 1262си иштетүүгө, 1001и чалгындоого, 286сы изилдөөгө берилген. Бул 2013-жылга салыштырмалуу 2,5 эсеге көп (1042 лицензия). Лицензиялар негизинен алтын жана түстүү металлдар, көмүр жана мунай сыяктуу объекттерге берилген.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча, алтын чыгаруу 20403 кг. аффинажды эсепке албаганда 50 млрд. сомдук сумманы түзгөн.

2018-жылы республикадан рудалык концентратты экспорттоону 9 компания ишке ашырганын белгилөө керек. Алар:  «Алтын кен»ААКы,  «KAZ Minerals Bozymchak»ААК,  «Фюл Голд Майнинг» ААКы,  «Vertex Gold Company» ААКы жана башкалар.  2018-жылы 5183 кг. алтын курамдуу, 13694 кг. күмүш курамдуу жана 9851 тонна жез курамдуу, 71143 тонна концентраттар, ошондой эле, 595 кг. алтын курамдуу 79407 тонна руда алынган.

2019-жылдын 27-мартында «Кыргызалтын» ААК жана  «Мансон Групп» ЖЧК ортосунда «Макмал» алтын комбинаты филиалынын базасында биргелешкен ишканасын түзүү боюнча инвестициялык макулдашууга кол коюлган. «Кыргызалтын» ААК биргелешкен ишканасына түшүүчү үлүшү 30% түзөт,»Мансон Групп» компаниясына болсо 70%ы берилет.

2018-жылга карата таш көмүр жана күрөң көмүр (лингнит) казуу боюнча өнөр жай өндүрмүнүн көлөмү 2893 млн. сомду түзгөн, ошонун ичинде 2306,4 миң тонна көмүр же 2017-жылдын ушул эле мезгилине 123,0% казылып алынган. Жалпысынан өлкөдө 2017-жылдын шайкеш мезгилине салыштырмалуу көмүр казуу 431,0 миң тоннага жогорулаган. Казып алуу көлөмүнүн көбөйүшү кендин үстүн ачуу иштеринин көбүн жасаганына байланыштуу, ошондой эле, көмүр казуу үчүн адистештирилген техниканын саны көбөйгөнүнөн улам.

Чийки мунай жана жаратылыш газын алуу тармагы боюнча 2018-жылга карата өндүрүлгөн көлөм 4102,3 млн. сомду түзөт. Ошонун ичинде, жалпысынан тармактар боюнча 200,0 миң тонна мунай алынган жана 27,3 млн. метр куб жаратылыш газы алынган.

Бакша пайдалуу казылып алынуучу кендердин көлөмү (мрамор, гранит, базальт, акиташж.б.) 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 891,0 млн. сомду, табигый көлөмдүк инлеси менен 92,9 %ды түзгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM