Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо иштери менен таанышты

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 551 | 0

Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-февралда Ош-Баткен-Исфана авто жолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдтиришти.

Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов маалымдагандай, азыркы этапта 59 559 метр куб көлөмүндө жер иштери аяктады.

Ошондой эле 64 суу өткөрүү түтүктөрүнүн курулушу жана жаңы көпүрөнүн 85% курулушу аяктап, 5,3 чакырымына асфальт-бетон төшөлдү.

Курулуш иштериндеги техникалык көзөмөлдү «Спектрум Инжиниринг Консалтантс» консультативдик компаниясы ишке ашырууда. Ислам өнүктүрүү банкы реконструкциялоонун донору болуп саналат.

 

Copyright © 2017 Maral FM