Биз менен байланышыңыз

Президент: Кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат

Кыска кабар | 20 Фев 2019 | 642 | 0

Аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында Кыргызстанда кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Мындай пикирди президент Сооронбай Жээнбеков Кадамжай районунун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда айтты.

Мамлекет башчынын айтымында, өткөн жылы элет жеринде ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Республика боюнча былтыр 500дөн ашык жаӊы ишкана ачылып, 6372 жумуш орду түзүлдү. Бизнести негизсиз текшерүүгө мораторий киргизилди. Жаңы ишканалар текшерүүлөрдөн 3 жылдык мөөнөткө бошотулду.

Айыл чарба продукциясын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалар үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылганын айтты.

-Тигүү тармагындагы ишканалардын камсыздандыруу төлөмдөрү 27 пайыздан 12 пайызга төмөндөтүү каралып жатат. 2018-жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд. сомдон ашык кредит жана кепилдик берилди. Региондордо жаӊы ишканаларды колдоо максатында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду түз каржылоонун чегин 1 млн. доллардан 200 миң долларга чейин төмөндөттү, — деп айтылат президенттин билдирүүсүндө.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунун Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолугушууда. 21-февралда Жалал-Абад облусунун Сузак районунда болот. Мамлекет башчысы бул аймактардагы инфраструктуралык, социалдык, өндүрүштүк жана билим берүү объектилери менен таанышат.

Copyright © 2017 Maral FM