Биз менен байланышыңыз

Парламенттин басма сөз катчысы КТРКнын директорлугуна ат салышат

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 1050 | 0

Парламенттин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Коомдук теле-радио корпорациясынын директорлугуна талапкер болуу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Көп жылдардан бери сыйлап, урматтап жүргөн инсаным жигиттик сөзүнөн тайганына байланыштуу, соңку эки күн ичинде терең ойлонуп, мен дагы КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигимди коюуну чечтим. Жаңы эле ишенимдүү адамым тиешелүү документтерди КТРКнын босогосундагы кутучага салып кайтты, — деп жазган.

Кошумчалай кетсек, Ибраим Нуракун уулу учурда Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын башчысы.

Copyright © 2017 Maral FM