Connect with us

Кыргызстанда көчмөндөрдүн чакан оюндары өтөт

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 575 | 0

Кыргызстанда эми жыл сайын көчмөндөрдүн чакан оюндары өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө көк бөрүнү өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.

-Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт. Ошого байланыштуу Кыргызстанда улуттук оюндарды өнүктүрүү үчүн ушундай чечим кабыл алдык, — деди Аманкулов.

Анын белгилешинче, алгачкы оюндар Талас облусунда өтмөкчү.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM