Кыргызстанда эми жыл сайын көчмөндөрдүн чакан оюндары өткөрүлүп турат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө көк бөрүнү өнүктүрүү боюнча иштер жүрүп жатат.
-Кийинки Көчмөндөр оюндары Түркияда өтөт. Ошого байланыштуу Кыргызстанда улуттук оюндарды өнүктүрүү үчүн ушундай чечим кабыл алдык, — деди Аманкулов.
Анын белгилешинче, алгачкы оюндар Талас облусунда өтмөкчү.