Биз менен байланышыңыз

Өкмөт парламентте жазгы талаа иштерине даярдык боюнча маалымат берет

Кыска кабар | 18 Фев 2019 | 507 | 0

Бүгүн, 18-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети 2019-жылдын жазгы-талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө өкмөттүн маалыматын угат.

Анда Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев баяндама жасайт.

Комитет жыйынында мындан тышкары, органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө мыйзам долбоору 2-окууда каралат.

Ошондой эле «Ысык-Көл районундагы жергиликтүү бийлик органдарынын жер мыйзамдарынын аткарылышын иликтөө боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу» да маселе каралат.

Демилгечи: Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев.

Copyright © 2017 Maral FM