Биз менен байланышыңыз

Бишкекте стадион курууга инвесторлор изделүүдө

Кыска кабар | 16 Фев 2019 | 940 | 0

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги көп функционалдуу футбол стадионунун курулушу үчүн инвесторлорду чакырат. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул долбоорду ишке ашыруу өлкөдө мындан ары спортту өнүктүрүүгө жакшы өбөлгө болот жана калкка социалдык жакшы эффект берет. Мындан тышкары шаардын инфраструктурасы жакшырат.

Курулушка кызыккан инвесторлордун билдирүүлөрү 25-февралга чейин кабыл алынат.

Copyright © 2017 Maral FM