Биз менен байланышыңыз

Электр энергиясынын тарифи өзгөрбөйт

Кыска кабар | 15 Фев 2019 | 1396 | 0

Кыргызстанда электр энергиясына болгон тариф азырынча өзгөрбөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Жогорку Кеңеште Бишкек Жылуулук электр борборуна байланыштуу маселе каралып жатканда айрым депутаттар жарыкка болгон тариф тууралуу сөз кылып, тариф өзгөрүшү мүмкүнбү деген суроо узаткан.

Боронов өкмөт электр энергиясына болгон тарифтин жогорулашы тууралу маселени карабаганын, Башкы прокуратура сунуш берип, бирок чечим кабыл алынбаганын билдирди.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште карызга алынган 386 млн. доллардын натыйжалуу пайдаланышы жана өзүн өзү акташы маселе болуп турганын айткан.

«ЖЭБде өндүрүлгөн электр энергиясынын өздүк наркы 2,90 сом, ал эми сатуу наркы 0,7 сом. Демек, карыздан кутулуу үчүн электр энергияга болгон тарифтердин баасын көтөрүш керек болот. Бул биздин жарандарга түздөн түз материалдык жактан түйшүк алып келет дегенди билдирет», — деп билдирген Жамшитов.

Эске салсак, 2015-жылдын 1-августунда калк үчүн электр энергиясына социалдык тарифтер 700 киловаттка чейин колдонгондорго 77 тыйын, андан ашык колдонгондорго 2,16 сомдон бекитилген. Жылуулук үчүн жарандар гигакалория үчүн 1 миң 134,7 сомдон төлөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM