Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад шаарында январда салык 2 миллион сомго көп жыйналды

Кыска кабар | 13 Фев 2019 | 540 | 0

Жалал-Абад шаарында ушул жылдын январь айында салык 2 миллион 30,7 миң сомго көп жыйналып, берилген план-тапшырма 103,5 пайызга аткарылды. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык январь айында салык башкармалыгы иш жүзүндө 59 миллион 566,8 миң сом салык жыйнаган. Анын ичинен республикалык бюджетке иш жүзүндө 28 миллион 793,8 миң сом жыйналып, 984,1 миң сом көп болгон.

Жергиликтүү бюджетке салык жыйноо көлөмүнүн планы 29 миллион 726,4 миң сом болсо, аткарылганы 30 миллион 773 миң сом болуп, өсүү 103,5 пайызды түзгөн.

Бирок салыктын айрым түрлөрү боюнча план-тапшырмалар аткарылбай калган фактылар да бар.

 

Copyright © 2017 Maral FM