Биз менен байланышыңыз

Сыртта жүргөн эмгек мигранттарга пенсия төлөө каралууда

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Фев 2019 | 638 | 0

Социалдык фонд беш мамлекет менен пенсиялык камсыздоо жаатында келишимди даярдап, документти Жогорку Кеңеш менен өкмөткө жиберет. Бул тууралуу Социалдык фондунун пенсияны төлөө жана көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Азат Ашымбек уулу «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбооруна ылайык, Казакстан, Армения, Белоруссия, Орусия жана Кыргызстандын ичинде иштеген жарандардын эмгек стажы расмий түрдө каттоодон өтүп, социалдык төгүмдөрүн төлөп турган болсо, пенсия чегерилип берилиши мүмкүн.

-Мисалы, кыргыз жараны мигрант болуп Орусияда 5-10 жыл иштеп, пенсиялык жашка жеткенде Орусия эмгек стажын эсептеп пенсия төлөп берет. Эгерде ошол киши социалдык төгүмдөрдү өз убагында төлөп, эмгек стажы расмий каттоодон өткөн болсо. Ал жаран Кыргызстанга кайтып келсе, Москвадагы эмгек стажынын негизинде биз төлөп беребиз. Эгерде көмүскөдө иштеп, төлөмдөрдү төлөбөсө, анда пенсия берилбейт.

Бул маселе боюнча буга чейин Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ортосунда буга чейин бир катар сүйлөшүүлөр болгон. Анда ар бир өлкөнүн пенсиялык мыйзамдары ар башка болгондуктан, бардык өлкөнүн мигранттарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү каралууда.  Анда бири-бирине дал келтирүүдө бир катар келишпестиктер болуп жаткандыгын соцфонд кабарлаган.

Copyright © 2017 Maral FM