Биз менен байланышыңыз

Ооган согушунда курман болгон аскерлер эскерилди

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 636 | 0

Бүгүн, 12-февралда Жазаларды аткаруу мамлекетик кызматы Ооган согушунда курман болгон аскерлерди эскерүү салтанатын уюштурду.

Иш чарага Ооган жергесинде болгон согуштун ардагерлери Сейиткулов Белек, Жайлоев Байишбек жана улук прапорщиктер Косарев Дмитрий жана Фаратов Ширин жана башка кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө полковник Улан Бердикожоев согуштун ардагерлерине терең ыраазычылыгын билдирип, бул согуштун ар дайым жүрөгүндө сакталарын айтты.

Өз кезегеинде согуштун ардагерлери да сөз сүйлөп, согуштан жана жашоодон алган тажрыйбалары менен бөлүштү.

Эске салсак, 1979-жылдын 27-декабрында советтик аскерлер Ооганстанга басып кирип, он жылга созулган согуштан кийин 1989-жылдын 15- февралында Ооган жергесинен толугу менен чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM