Биз менен байланышыңыз

Жалган «ооганчылар» боюнча 7 кылмыш иши козголду

Кыска кабар | 16 Янв 2019 | 820 | 0

Жалган “ооганчылар” фактысы боюнча Башкы прокуратура 7 кылмыш ишин козгоду. Башкы көзөмөл органы кабарлагандай, 49 жалган “ооганчыга” Кылмыш жаза кодексинин 166-304-315-350-беренелери боюнча иш козголду.

Ооган согушунун ардагерлерине жалган «ооганчылар» кошулуп, мамлекет берген жеңилдиктерди алып жүргөн фактылар Ош, Ноокат, Кадамжай, Кара-Суу райондорунун аскер комиссариаттарында жана Чек ара кызматында катталган. 49 кишинин маалыматы архивде жок болуп, алар эч кандай согуштук иш чараларга катышпаганы аныкталган.

Алдын ала эсеп боюнча мамлекетке келтирирлген чыгымдын көлөмү 29 млн 294 миң сомду түздү.

Учурда Аскер прокуратурасы текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Бул фактыларды аныктоо үчүн Орусия, Өзбекстан, Украина жана башка мамлекеттердин архивдерине тийиштүү билдирме жөнөтүлдү.

Кошумчаласак, айрым маалыматтар боюнча, 2017-жылы жалган ооганчылардын саны 159 болсо, 2018-жылы 229га жеткен. Башкача айтканда бир жылда 70 кишиге көбөйгөн.

Copyright © 2017 Maral FM