Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эл аралык айыл чарба «АГРИТЕК- 2019» көргөзмөсүнө катышат

Кыска кабар | 12 Фев 2019 | 479 | 0

Кыргызстандын Катардагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев Катардын Муниципалитет жана айлана-чѳйрѳ министринин орун басары Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Жолугушууда Нуран Ниязалиев Катар рыногуна кыргыз продукцияларын экспорттоо мүнкүнчүлүктөрүнө токтолду.  Ошондой эле 2019-жылдын 19-22-мартында Доха шаарында өткөрүүгө пландаштырылган  эл аралык айыл чарба «АГРИТЕК- 2019» көргөзмөгө катышууга Кыргызстандын кызыкдар экендигин белгиледи.

Өз кезегинде Шейх Фалех бин Насер Аль-Тани буга чейинки көргөзмөгө кыргыз компаниялары активдүү катышканын айтып, аталган иш чарада Кыргызсандын өкүлдөрүнө керектүү колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM